КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 2
Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин маалыматы жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 02.08.2021-жалдагы №10 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын иштери боюнча мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын иштери боюнча мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетининберген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын соц пакет үчүн түшкөн акча каражаттарынын жана меморандумунун шарттарын кароо жагы тоо-кен комитетине тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |