Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 3

Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин маалыматы жөнүндө

Күн тартибинин үчүнчү маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 02.08.2021-жалдагы №10 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан бала бакча, мектеп, саламаттыкты сактоо, спорт тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы, ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан бала бакча, мектеп, саламаттыкты сактоо, спорт тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы, ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл аймагында курулуп жаткан курулуш обьектилердин жана жолдордун долбоорлорун жасатууда мамлекеттик керектүү органдардан өткөрүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев