Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 4

Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин маалыматы жөнүндө

Күн тартибинин төртүнчү маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 02.08.2021-жалдагы №10 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу жерлерде кен казуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан кичи ишканалар (субподрядтык компаниялар) райондук салык бөлүмүнө жана соц фондко катталуу жагы каралсын, салык төлөмдөрү боюнча өз убагында иш алып баруу финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев