КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 7
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы жөнүндө
Күн тартибинин жетинчи маселесиндеги “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагыны “Каныш-Кыя- Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |