Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 10
Акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Күн тартибинин тогузунчу маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 13.07.2021-жылдагы №01-18/564 чыгыш сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. 2021-жылдын 6-июлундагы аралык аудитордук актынын негизинде Каныш-Кыя айылынын жогорку бөлүгүнө 8,37км аралыктагы таза суу чыгаруу боюнча Кыргыз республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу “Аудит-Консультант”аудит кызматынын аралык аудитордук актысында көрсөтүлгөн 1 238 600 сом акча каражатын которууда мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |