КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 13
Матмирсаева Айтбүнүн арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Матмирсаева Айтбүнүн томолой жетим неберелерине жардам сурап жазган арызын канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Матмирсаева Айтбүнүн арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Матмирсаева Айтбүнүн томолой жетим небереси Тургунбаев Талгат Бишкек шаарындагы гимназия интернатында окуугандыгына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом контракттын төлөө жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |