КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 15
Башкы-Терек айылынын айыл башчысы Молдалиева Айгүлдүн жана айылдык китепкананын башчысы Корголдоева Рыскандын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Башкы-Терек айылынын айыл башчысы Молдалиева Айгүлдүн жана айылдык китепкананын башчысы Корголдоева Рыскандын кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Башкы-Терек айылынын айыл башчысы Молдалиева Айгүлдүн жана айылдык китепкананын башчысы Корголдоева Рыскандын кайрылуусун эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылындагы айыл башчынын канторасын жана Башкы-Терек айылдык китепканасын салууга долбоор сметасы даярдалсын .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |