Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 17

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибинин жетинчи маселесиндеги “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 10.08.2021-жылдагы № 34 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2.  ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасына кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 124 950 (жүз жыйырма төрт миң тогуз жүз элүү) сом күйүүчү май үчүн уруксат берилсин, Ө.Токобаев жана Южная көчөсүнө таза суу түтүкчөсүн тартууга 62 950 (алтымыш эки миң тогуз жүз элүү) сом, Өрдөш таза суу резервуарынын айланасын тосууга 37 650 (отуз жети миң алты жүз элүү ) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен субсидия катары бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев