КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 18
Долбоор даярдоо жөнүндө
Күн тартибинин тогузунчу маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 10.08.2021-жылдагы №01-18/663 чыгыш сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу башкы планы жок айылдардын канча экени такталсын жана башкы план жасатууга долбоор сметасы даярдалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |