КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 19
Жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин сегизинчи маселесиндеги Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Чотбаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
11. Жайыт комитетинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Чотбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
12. Каныш-Кыя айылдык Кеңешине 02.02.2021-жылдагы №26 токтомунда көрсөтүлгөндөй Каныш-Кыя жайыт комитетинин техникалары калкка кызмат көрсөтүүдөгү тарифи күзгү эгин оруп жыйноо боюнча 1 га баасы 3800 (үч миң сегиз жүз )сом менен бекитилсин.
13. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |