КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 20
Орус тилдүү китептерди алып берүү жөнүндө
Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.М.Тынышовдун 06.08.2021-жылдагы №02-08/292 чыгыш сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.М.Тынышовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтөв атындагы инновациялык жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тилдүү 2-классты орус тилдүү китептер менен камсыз кылууга жана класстын ичин жасалгалоого акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |