Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 24

Байышбеков Бексултандын кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Айгыр-Жал айылынын тургуну Байышбеков Бексултандын жардам сурап жазган кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Айгыр-Жал айылынын тургуну Байышбеков Бексултандын кайрылуусу эске алынсын.

2.  Айгыр-Жал айылынын тургуну Байышбеков Бексултандын унаа оңдоочу жайга керектелүүчү жабдууларды алууга өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар экени эске алынып, жеке ишкерлерди колдоодо акча каражатын бөлүп берүү үчүн мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев