Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 25

“Токон Ордо”ЖЧКсынын кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибинин онунчу маселесиндеги “Токон Ордо” ЖЧКсынын директору М.Токоновдун курулуш материалдарынын кымбаттап кеткендигине байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  “Токон Ордо” ЖЧКсынын директору М.Токоновдун кайрылуусу эске алынсын.

2.  “Токон Ордо” ЖЧКсынын директору М.Токоновдун кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй азыркы убакта курулуш материалдарынын кымбаттап кетиши форс-мажор окуясына дал келбегендиги белгиленсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев