Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 26
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
5. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын сунушун эске алынсын.
6. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык програмасында көрсөтүлгөн 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты Айгыр-Жал жана Каныш-Кыя айылдарындагы мечиттердин ички ремонтун жана жылуулук системаларын оңдоо үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |