Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 29

Кошумча штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө

Күн тартибинин тогузунчу маселесиндеги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областарыннын айрым калктуу конуштарынын айыл категорясына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 4-февралындагы мыйзамынын 10-11 беренесине ылайык Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 4-февралындагы мыйзамынын 10-11 беренесине ылайык Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай, Кайың-Суу, Кара-Булак, Кара-Суу жаңы калктуу конуштарына айыл статусу берилгендиги эске алынсын .

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы штаттык жүгүртмөсүнө 4 (төрт) айыл башчы штат бирдиги жана тиркемедеги жалпы 377 584 (үч жүз жетимиш жети миң беш жүз сексен төрт) сом айлык акысы бекитилсин .

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев