ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 27-октябры № 15
Ош шаардык жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктары жөнүндө
Ош шаардык жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктары боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №2 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктары боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (А.Мамбетов):
- Жылуулук-энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин Ош шаарында 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча иш-чараларынын аткарылуусун камсыздоо;
- шаарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштерине көзөмөл жүргүзүү, электр көмөк чордондорунун кубаттуулугун көбөйтүү жана электр энергиясын үнөмдөө иш чаралары боюнча шаар тургундарына алдын ала эскертүү берилиши боюнча тиешелүү жумуштарды аткаруу;
- шаар тургундарынын кайрылууларын, арыздарын, ыкчам чечилүүчү маселелерин тиешелүү мекеме-ишканаларга жеткирип, маселени чечүү максатында атайын кызмат түзүүнү кароо;
- муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында арзан баада көмүр сатуучу жайларды уюштуруп, калкты сапаттуу көмүр менен камсыздоо иштерин колго алуу милдеттендирилсин.
3. Жылуулук электр борборуна (Н.Арапбаев), «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына (Б.Эргешов) жаратылыш газын, мазутту, көмүрдү толук көлөмдө камдоо жана жылуулук түтүктөрүн даярдоо, социалдык обьектилерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу;
- көп кабаттуу турак-жайларда түзүлгөн авариялык кырдаалдарды ыкчам жөнгө салуу максатындагы атайын топторду түзүү;
- Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Э.Аралиев) көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук түтүктөрүн оңдоо боюнча иш алып баруу;
- Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов), «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына (Ж.Осмонов), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) күз-кыш мезгилине атайын техникаларды, инерттүү материалдарды жетиштүү өлчөмдө даярдоону жана жолдорду кар-муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыздоо;
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (С.Аматова), саламаттык сактоо мекемелерине (К.Ташполотов) күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин, бекитилген иш-чаралардын негизинде жүргүзүү тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С.Назылбеков |