Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 2

Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/431 12.07.2021-жылдагы «Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 6 айында пландан ашыкча түшкөн 300,0 миң сом акча каражаты жѳнүндѳ» кайрылуусунун негизиндезарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү Багыш айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына жергиликтүү бюджетинин киреше планына 14151220 «Жер казынасынан пайдалануу укугуна лицензияны кармоо» беренесинен ашыкча түшкөн 300,0 миң сомго жылдык план көбөйтүлсүн.

2.  Жергиликтуу бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында КР Бюджеттик кодексинин 130-беренесин жетекчиликке алып, чыгаша болумуно 300,0 мин сом план көбөйтүлсүн.

3.  Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетине 14151220 «Жер казынасынан пайдалануу укугуна лицензияны кармоо» беренесинен ашыкча түшкөн 300,0 миң сомго акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:

     3.1.Турак жай коммуналдык чарбасы:

- 2221 беренесине (Т.Байымбетов, Турусбеков, Ормон арык көчөлөрүнө шагыл төшөө) -200,0 миң сом;

- 2221 беренесине (РТС жолуна шагыл төшөө) -100,0 миң сом;

4.  Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маматовго жана ФЭБ башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.

5.  Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Экономика жана финасы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.

6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

6.  Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Сейдахматов