Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3

Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 8-айында беренелерден үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/60707.09.2021-жылдагы кайрылуусунун негизинде,бөлүмдөрдөн жана беренелерден үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп,талкуулап жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү үчүн Багыш айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык порталга жарыяга берилип үнөмдөлгөн каражаттары : Башкаруу бөлүмүнөн 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» беренесинен 64,0 миң сом азайтылып, 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренеси 64,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2.  Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маматовго жана ФЭБ башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.

3.  Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Экономика жана финасы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

5.  Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Сейдахматов