БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 7
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь 3 айылынын тургуну Джеңишбек Хидировдун кайрылуу катын кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине Октябрь 3 айылынын тургуну Джеңишбек Хидировдун 15.09.2021-жылдагы «ФАП-тын имаратынынжанындагы жер аянтын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу катынын негизинде, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь 3 айылында жайгашкан ФАП-тын имаратынын жанындагы жер аянтын түрүн аныктап, тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана аткаруу жагын Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар,экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Канназаровго жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Сейдахматов |