Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 1
“Каусар Глобал” ЖЧКсынын “Чакан ГЭС курууга 10 га жер аянтын ижарага бөлүп берүү боюнча” кайрылуу катын кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине “Каусар Глобал” ЖЧКсынын кириш №1-11/6 “Чакан ГЭС курууга 10 га жер аянтын ижарага бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу катынын жана Багыш айыл өкмөтүнүн №1-15/477а 28.07.2021-жылдагы “Каусар Глобал” ЖЧКсына айыл өкмөтүнүн Кеңсай айылынан агып өтүүчү, Көк-Арт дарыясынын жээгине жана нугуна чакан ГЭС курууга макулдугу жөнүндө” сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Кеңсай айылынан агып өтүүчү, Көк-Арт дарыясынын жээгине жана нугуна “Каусар Глобал” ЖЧКсынын чакан ГЭС курууга 10 га жер аянтын түрүн аныктап, тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана аткаруу жагын Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Канназаровго жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Сейдахматов |