Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 142
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1 жана 15-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук соода аянтчасынын техникалык операторун аныктасын.
3. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин электрондук форматта түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 25 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |