БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жайга берилип кеткен айыл чарба багытындагы жер аянттарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жайга берилип кеткен 627 га айыл чарба багытындагы жер аянттарын короо жай багытына өзгөртүү максатында токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жайга берилип кеткен 627 га айыл чарба багытындагы жер аянттарын короо жай багытына өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткаруу жагын Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |