Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 3
Багыш айыл өкмөтүнүн тургуну Ж.Анарбаевдин кайрылуусу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн тургуну Ж.Анарбаевге атайын мамлекет эсебине компенсация төлөп менчиктештирген айыл чарба багытындагы жер аянтын мыйзамдаштырып берүү максатында токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн тургуну Ж.Анарбаевдин кайрылуусунун негизинде атайын мамлекеттин эсебинен компенсация төлөп менчиктештирген айыл чарба багытындагы 16,70 га сугат жери мыйзамдаштырылсын.
2. Сузак райондук Кадастр мекемесинин корутундусунун негизинде мыйзамдаштыруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |