БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 10
Мыйзамсыз көчөгө чыгып кеткен жеке менчик турак-жайларды жана соода түйүндөрдү көзөмөлгө алуу,мыйзам чегинде менчик ээлерине чара көрүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз көчөгө чыгып кеткен жеке менчик турак-жайларды жана соода түйүндөрдү көзөмөлгө алуу,мыйзам чегинде менчик менчик ээлерине чара көрүү максатында токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз көчөгө чыгып кеткен жеке менчик турак-жайларды жана соода түйүндөрдү көзөмөлгө алынып,мыйзам чегинде менчик ээлерине чара көрүлсүн.
2. Сузак райондук архитектурасынын өкүлү А.Мамаюнусов менен биргеликте иш алып баруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |