БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 15
Сафаровка айылындагы мурдагы Учкун балдар бакчасына инвестиция тартуу жана жооптуу адамды дайындоо жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сафаровка айылындагы мурдагы Учкун бала бакчасына инвестиция тартуу жана жооптуу дайындоо максатында токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сафаровка айылындагы мурдагы Учкун бала бакчасын кайрадан калыбына келтирүү жана инвестиция тартууда иш алып барууда Багыш айылдык кеңешинин депутаты А.Итикулов жооптуу болуп дайындалсын.
2. Багыш айыл өкмөтү тарабынан бардык керектүү иш кагаздарын даярдоого көмөк көрсөтүлсүн.
3. Ар тараптуу жардам көрсөтүү Багыш айылдык кеңешинин социалдык,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,жергиликтүү коомдоштуктар,жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Машаевага,соц адис Б.Каиповага жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис А.Кожоноваларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |