БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 17
Октябрь-2 айылына электр трансформаторун орнотууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Октябрь-2 айылындагы Б.Калдыбаев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн имаратынан жанынан электр трансформаторун орнотуу үчүн жер аянты убактылуу ажыратып берүү максатында токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн борборунда калктын саны жана электр энергиясына керектөө өскөнүнө байланыштуу Октябрь-2 айылындагы Б.Калдыбаев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн имаратынын жанынан электр трансформаторун орнотууга жер аянтын убактылуу пайдаланууга Көк-Арт РЭтине ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |