Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы

2021-жылдын 2-апрели № 20

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эффективдүү пайдалануу жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы алыскы жана жайыттарды эффективдүү пайдалануу максатында Жобо иштеп чыгуу үчүн токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды Айыл өкмөтү Жайыт комитети менен биргеликте жайыттарды эффективдүү пайдалануу үчүн кыска убакыттын ичинде атайын Жобо иштелип чыгарылсын.

2. Жобону иштеп чыгууда Багыш айыл өкмөтүнүн тургундарына артыкчылык берилүүсү эске алынсын.

3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн биринчи орун басары У.Жолборсов, жер комиссиясына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев