Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
2021-жылдын 26-февралы № 1
Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2022-2023- жылдарга божомолу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021 -жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жалпы 28927,3 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 26190,4 миң сом жана республикалык бюджеттин трансферттери 2736,9 миң сом, атайын каражаттар 4500,0 миң сом жана чыгашалары 28927,3 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык аткарылышы бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2022-жылга 29910,0 миң сомго, 2023-жылга 29759,3 миң сом, анын ичинен тендөө грантынын божомолу 2022-жылга 3801,9 миң сом, 2023-жылга 3651,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Теңдөө грантынын көлөмү 2021-жылга 2736.9 миң сом, Кыргыз Республикасынын Республикалык Бюджети жөнүндөгу мыйзамына ылайык биринчи кезекте (эмгек акы, соц.фонд, тамак ашка, электр энергиясына жана элге соц.жардам) беренелерине №2 тиркемеге ылайык жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 28927.3 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2021-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-6 сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү 652,3 миң кВт өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин. Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
6. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2016 -жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен кенже тайпаларга 13 сомдон, ортоңку жана жогорку тайпаларга 18 сомдон акча каражаты №5 тиркемеге ылайык 2172,0 миң сомго бекитилсин, атайын каражат төлөмдөрү (балдар бакчаларынын ата -энелер тарабынан жыйналуучу каражат) балдардын тамак ашына жана башка чыгымдарына 4500,0 миң сом багытталып,казыналык система аркылуу №6 тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджетинин Кодексинин 24 - статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 230,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
8. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403, 01.03.2017-ж №131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 «Кыргыз Республикасынын мамлекетттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде №7 тиркемеге ылайык, эмгек акы төлөө фонду 5439,9 миң сом, соц.фонд 804,3 миң сом өлчөмүндө 32 штат бирдиги менен бекитилсин.
9. Багыш айылдык кенешинин чыгымдары жергиликтүү бюджет эсебинен эмгек акысы 439,4 мин сом, соц фонд төлөмдөрү 65,1 мин сом, кызматтык сапар чыгымдары 16,0 мин сом, 2215 беренеси 3,6 мин сом, 2222 беренеси 4,0 мин сом токтомдун № 8 тиркемесине ылайык бекитилсин.
10. Багыш айыл өкмөтүнүн экономист-статисттин эмгек акысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамын аткаруу максатында Республикалык бюджет эсебинен 291,1 миң сом, соц фонд төлөмү 43,0 миң сом көлөмүндө каржылануусу белгиленсин.
11. «Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Калдыбаевке милдеттендирилсин. Жайыт жерлерине социалдык взносторду төлөө жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктөлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкөн каражагтардын эсеби 740,0 миң сом өлчөмүндө (анын ичинен жайыт жер салыгы 89,7 миң сом, жайыт жерлердин ижара акысы 650,3 миң сом) № 9 тиркемеге ылайык жалпы жайыт комитенин чыгашасы 493,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 31.01.2012 -жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги №10 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмгек акы төлөө фонду 628,2 миң сом, соц фонд 108,4 миң сом өлчөмүндө 11 штат бирдиги менен бекитилсин.
13. 15.Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы№241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
14. 16.Айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011 жылдагы № 767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы №672 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
15. 17.2021 -жылга башкаруу бөлүмүнүн 2212 беренеси 51,2 миң сом,2214 беренеси 194,0 миң сом, 2215 беренеси 2317,4 миң сом, 2221 беренеси 70,0 миң сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 228,1 миң сом, 3112 беренеси 257,0 миң сом өлчөмүндө №11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2021-жылга турак жай коммуналдык чарбасынын чыгымдары 2213 беренеси 2,0 миң сом, 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 660,0 миң сом, учурдагы ремонт 2221 беренеси 1085,1 миң сом, имараттар жана курулмалар 3111 беренеси 3561,1 миң сом, 3112 беренесине 7,7 мин сом өлчөмүндө № 12 тиркемеге бекитилсин.
17. 2021-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдары № 13 тиркемелерге ылайык 2215 беренесине 70,0 мин сом, 2221 беренеси 8,0миң сом, 2222 беренеси 11,8 миң сом, өлчөмүндө бекитилсин.
18. 2021 - жылга билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2211 беренесине 45,0 мин сом, 2212 беренеси байланыш кызматы 40,0 миң сом, ижара акысы 2213 беренеси 360,0 миң сом, ар турдуу чыгымдар 2215 беренеси 299,5 миң сом , 2221 беренеси 210,0 мин сом, 2222 беренеси 63,0 мин сом, көмүр сатып алуу 2224 беренеси 563,0 миң сом,имараттар жана курулмалар чыгымдары 3111 беренеси 638,4 миң сом, 3112 беренеси 316,2 миң сом өлчөмүндө № 14 тиркемелерге бекитилсин.
19. 2021 - жылга элге социалдык коргоо бөлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 810,0 миң сом өлчөмүндө № 15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата -энелерден 1 күн үчүн төлөнүүчү каражат Күн-Нуру, Ай-Нуру, Разыбек жана Муратбек МЧББУ ларга 45 сом өлчөмүндө төлөө белгиленип, чогулган акча каражаты бюджетке толугу менен төлөнүп иштетүү жагы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин, аталган тартип бузуулар аныкталса 100% республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
21. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
22. 25.2019- жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015 жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековко мидеттендирилсин.
23. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
24. Айылдарга иш- план боюнча бөлүнгөн каражаттардын MCA порталынан үнөмдөлгөн көлөмү, башка айылдардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
26. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |