Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
2021-жылдын 26-февралы № 3
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндөгү билдируусүн карап жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери республикалык бюджеттен берилүүчү тендоо гранты менен кошулуп:
-2020-жылга долбоору -27805,1 мин сомго,
-2021-жылга божомолу -28755,7 мин сомго,
-2022-жылга божомолу -28825,7 мин сомго бекитилсин.
2. Республикалык бюджеттен берилуучу тендоо гранттын көлөмү 2020-жылга-5320,3 мин сом,
2021-жылга- 5035,9 мин сом, 2022-жылга- 5035,9 мин сом берилиши белгиленсин.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген нормативдик актылары жана коомдук угууда белгиленген муктаждыктарга ылайык
-2020-жылга долбоору -27805,1 мин сомго,
-2021-жылга божомолу -28755,7 мин сомго,
-2022-жылга божомолу -28825,7 мин сомго бекитилсин
4. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |