БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
2021-жылдын 26-февралы № 14
Багыш айылдык кеңешинин 26-сессиясында 2021-жылдын жеригилктүү бюджетти бекитүүдө стратегиялык маанилүү болгон иш-чараларды 2019-2023-жылдарга карата кабыл алынган Өнүктүрүү Стратегиялык аткарылуучу иш-планына жана Айыл уставына чакан, орто ишкерликти жана асыл тукум чарбаларды колдоо жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүндө стратегиялык маанидеги негизги иш-чараларды киргизүү үчүн Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Октябрь-3 айылындагы Р.Матаев көчөсүнө 1065мх5 м,Октябрь-2 айылындагы Б.Калдыбаев көчөсүнө 541мх5м,Октябрь-1 айылындагы Октябрь аймактык ооруканасынан Темир жолго чейинки аралыкка 250мх5м,Беш-Бала айылындагы Турусбеков көчөсүнө 960мх4м,Кызыл-Туу айылындагы Т.Момунов 750мх4м,Кедей-Арык айылындагы К.Төрөев көчөсүнө 250мх4м жана Учкун бала бакчасына кеткен жолго 200мх5м аралыктагы көчөлөргө асфальт басуу иштери стратегиялык негизги маселе болуп бекитилсин.
2. 2019-2023-жылдардагы Өнүктүрүү Стратегиялык аткарылуучу иш-планына өзгөртүү жана Айыл мыйзамынын уставына толуктоолор киргизилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагында чакан,орто ишкерликтер жана асыл тукум чарбалары башкы багыт катары колдоого алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын Багыш айылдык кеңешинин социалдык,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,жергиликтүү коомдоштуктар,жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Машаевага , Багыш айылдык кеңешинин бюджеттик каржы, муниципалдык менчик ,инвестиция ,ишкердик ,транспорттук кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Култаевге жана Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |