Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин
2023-жылдын 14-февралындагы № 116
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 27-октябры № 18
Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 21-октябрындагы Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомунун тиешелүү пунктундагы уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысын 15000 сомго түшүрүү маселесин карап берүүнү сураган №08-6/1543 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 100-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №7 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 2-абзацынын 13-пунктундагы “25000” деген цифра “17000” деген цифрага өзгөртулсүн.
2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев);
- 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөт үчүн уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунаралары жайгашкан жер үчүн ижара акысы боюнча дебитордук карыздарды Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна ылайык жоюу;
- уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысын 17000 сомдон кем эмес өлчөмдө эсептөө 2021-жылдын 1-ноябрынан жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С.Назылбеков |