Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XXXVIII -сессиясы
2020-жылдын 16-сентябры № 1
Акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын текшерүү актысы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынан 2215 беренесинен 13,0(он үч миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Шерипов |