Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX -сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 3
Атай айыл аймагында Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесиин 4-пунктуна ылайык КЗ зоналдык коэффицентинин өлчөмдөрү жөнүндө
Атай айыл аймагында Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесиин 4-пунктуна ылайык КЗ зоналдык коэффицентинин өлчөмүн бекитүү боюнча Атай айылдык айылдык кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин № 339- беренесинин № 4- пунктуна ылайык Атай айыл аймагында КЗ зоналдык коэффицентини төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Үй жанындагы короо-жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн
КЗ = 1,2 өлчөмүндө.
Коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактарга айыл аймагынын борборуна жана айыл аймагынын борборунан тышкары баардык аймактарга КЗ = 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
Кен өнөр-жайынын ишканалары өнөр жай ,транспорт ,курулуш байланыш жана энергетика ишканалары ,аба транспорт, коомдук тамактануу ,мейманкана, банкттар,күрөөканалар,акча алмаштыруу пунктары ,офистер,авто май куюуучу станциялар , иштетилип жаткан кендер,керьерлер, шахталар,разрездер,кум төгүүчү жайлар жана санитардык коргоо зоналары КЗ = 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Транспорттук ишканалардын административдик имараттары:
Аэровокзалдар ,аэропорт, автовокзалдар ,автостанциялар жана чакан базарлар,соода базар комплекстери,мал,жем сатуучу базарлар КЗ = 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Жогоруда аталбай калган юридикалык жана физикалык жактар үчүн КЗ = 1,2 барабар өлчөмүндө ,
4. Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө КРнын кодексинин 10-август №90 2018-жылдагы мыйзамынын 74-беренесине ылайык салык эмес төлөмдөр боюнча калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү 100 сомдон бекитилсин.
5. Иштебей токтоп турган дүкөндөргө, киоскилерге, чакан ишканаларга 0,3 коэфиценти колдонулсун.
6. Бул токтом 1-январь 2021-жылдан баштап күчүнө кирет.31-декабрь 2021-жылдан кийин күчүн жоготот.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер , план-бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын .
8. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Шерипов |