Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX -сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 4
Элдик жыйындын протоколун бекитип берүү Прессподборщик алуу үчүн “ Атай –Биримдик “ муниципалдык ишканасынын бюджетинен өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы жалпы элдик жыйынын 2020-жылдагы 18-декабрь № 7 - протоколу бекитилсин.
2. Прессподборщик алууга “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу”мекемесине долбоору сунушталсын.
3. Өздүк салымга 100,0( жүз миң)сом акча каражатын бөлүп берүү ” Атай –Биримдик “ муниципалдык ишкананын директору Шамыркан уулу Нурбайга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге жана “ Пландоо бюджет” жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Шерипов |