Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX -сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 5
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Октябрь участогунун автоунаа жолун архитектуралык негизде капиталдык ремонттон өкөрүүгө үлүштүк (түрткү берүүчу) гранттардын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Атай айылдык Кеңеши Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы жалпы элдик жыйынын 2020-жылдын 1-декабрь айындагы № 6 - протоколу бекитилсин.
2. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Октябрь участогунун автоунаа жолун архитектуралык негизде капиталдык ремонттон өкөрүүгө үлүштүк (түрткү берүүчу) гранттардын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздүк салым үчүн 521583,45(беш жүз жыйырма бир миң беш жүз сексен үч) сом акча каражатты 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен которулуп берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “План-бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнун башчысы К.Эркуловко тапшырылсын
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Шерипов |