Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX -сессиясы

2020-жылдын 29-декабры № 8

Элдик жыйындын протоколун бекитип берүү, дан-эгиндерин жыйноочу комбайн алуу үчүн өздүк салымга акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө

Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXIX сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 7- протоколу бекитилсин.

2.Атай айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган “ Атай-Биримдик “муниципалдык ишканасына дан-эгиндерин жыйноочу комбайн алуу үчүн өздүк салымына акча каражат бөлдүрүү үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор сунушталсын.

3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеккеттик реестирине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге жана “ Пландоо бюджет” жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Шерипов