Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX -сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 9
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штат бирдигин жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу тууралуу Атай айыл кеңешинин план –бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономист-статистика жетектөөчү штат бирдиги түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге жана финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин план – бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Шерипов |