Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX -сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 10
Элдик жыйындын протоколун бекитип берүү Карл Маркс айылынын Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин ашканасынын ,китепкананын курулушунун жер иштерин ,пайдубалын бүткөрүү боюнча курулушун курууга долбоор даярдоо жөнүндө
Атай айылдык Кеңеши Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы жалпы элдик жыйынын 2020-жылдын 25-декабрь айындагы № 8 - протоколу бекитилсин.
2. Карл Маркс айылынын Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин ашканасынын ,китепкананын курулушунун жер иштерин ,пайдубалын бүткөрүү боюнча курулушун курууга “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор сунушталсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге жана “ Пландоо бюджет” жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Шерипов |