Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 25-сентябры № 1
Көмөк чордонун орнотуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айыл аөмагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 36-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагына жеке ишкер тарабынан берилген көмөк чордонун орнотуу үчүн 4 чарчы метр жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын ажыратып берүү жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
3. Тийиштүү документтерин бүтүрүп берүү жагы Ноокен райондук архитектура жана Ноокен электр тармактар ишканасынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Стамбаев |