Редакцияот 18.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

2020-жылдын 18-ноябры № 3

Киреше салыгынан кошумча түшкөн жана сатуудан түшкөн акча каражаттарын чыгымдоо жөнүндө

Момбеков айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдорунун негизиде айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин XXVII-чакырылышынын 37-сессиясы токтом кылат:

 

1. Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.

2. Киреше салыгынан кошумча түшкөн 6500000 сом акча каражаттары жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуудан түшкөн 2600000 сом акча каражаттары 2020-жылдын планына кошулсун.

3. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 9100000 сом акча каражаты 3111, 2215, 2221, 2222-беренелерине чыгымдалсын.

4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Стамбаев