Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 2
Финансы Министрлигине караштуу дем берүүчү үлүштүк грант бөлүмүнө үч долбоорду сунуштоо (тандоо) жөнүндө
Момбеков айыл аөмагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 38-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Финансы Министрлигине караштуу дем берүүчү үлүштүк грант бөлүмүнө төмөндөгү үч долбоорлор тандалып, сунушталсын:
1) № 17-Кыла орто мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоо;
2) № 44-М Акчабаев орто мектебинин имаратынын чатырын алмаштыруу;
3) Борбордук маданият үйүн капиталдык ремонттоо;
3. № 17-Кыла жана № 44-М Акчабаев орто мектептерине аткарылуучу курулуш иштеринин долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адистин убактылуу милдетин аткаруучу Н Осмоновго жүктөлсүн.
4. Долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
5. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Стамбаев |