Редакцияот 02.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы

2020-жылдын 2-декабры № 3

Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги "Салык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралары жөнүндө" № 202-токтомуна жана Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыктын 27Л 1.2020-жылдагы № 040/20/0110/0750-сандуу катына ылайык, айыл өкмөтүнүн салыкчысы Б мураталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 38-сессиясы токтом кылат:

 

1. Момбеков айыл өкмөтүнүн салыкчысы Б Мураталиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын Момбеков айыл өкмөтү менен түзүлгөн "Салык укук маселелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралары" жөнүндөгү келишими бекитилсин.

3. Салыктык укук маселелери чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды жүзого ашыруу жагы салык боюнча башкы адиси Б Мураталиевге жүктөлсүн.

4. Кабы л алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Стамбаев