Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 4
ЖЧК "ЭлКат" компаниясынын катын кароо жөнүндө
Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 38-сессиясы токтом кылат:
1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын сунушу эске алынсын.
2. ЖЧК "ЭлКат" компаниясы менен жерге ижара акыт төлөө боюнча эки тараптуу келишим түзүү жагы Ф.Э.Бнүнү башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Стамбаев |