Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 5
Жер боюнча башкы адистин сунушун кароо жөнүндө
Момбеков айыл аөмагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын сунушун угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 38-сессиясы токтом кылат:
1. Жазгак айылынын тургуну С Маматованын арызынын негизинде Жазгак айылындагы саан короонун ичиндеги 0,01 га жер аянты муниципалдык менчикке алынып, аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Көз карандысыз баалоочуга баалатып диешелүү документтерин даярдап берүү жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
3. Жазгак айылындагы саан короонун кык сактоочу жайы жеринде комиссия курамы менен такталып, калктын аярлуу катмарынын ото жакыр категориясында каттоодо турган үй-бүлөөлөргө үй салуу үчүн жер участок катары комиссия тарабынан калыстык менен ажыратылып берилсин.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Стамбаев |