Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIX-сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 1
Жазгак участкасындагы медициналык пунктту ФАП деп өзгөртүү жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субанованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын 39-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субанованын маалыматы эске алынсын.
2. Жазгак участкасындагы медициналык пункту фельдшердик акушер дик пункт деп өзгөртүлсүн.
3. ФАПтын штаттык бирдигин чечип берүү жана керектелүүчү эмеректер менен камсыздоо жагы Кочкор-Ата ҮДТнун жетекчиси К Жумабаевден суралсын.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Стамбаев |