МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 3
Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 38-сессиясынын 02.12.2020-жылдагы № 7-токтомун убактылуу жокко чыгаруу жѳнүндѳ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 38-сессиясынын 02.12.2020-жылдагы № 7-токтомун убактылуу жокко чыгаруу боюнча маселени угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 38-сессиясынын 02.12.2020-жылдагы № 7-токтому убактылуу жокко чыгарылсын.
2. Момбеков айылындагы жайкы базардын ордуна мечит куруу маселеси элдик талкууга коюлуп, жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде кийинки сессияга сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук коргоо жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |