Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 4
АРИСтен келген катты жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына К Тѳлѳнова, Б Абдымомунов жамаат менен жазган арызын кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын коомчулукту ѳнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун 12.01.2021-жылдагы № 06-22-сандуу катынын жана АРИСтен келген 12.01.2021-жылдагы № 06-22-каттын, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына К Тѳлѳнова, Б Абдымомунов жамаат менен 05.01.2021-жылдагы № Жм-2 жазган арызынын негизинде Момбеков айылдык кеңешинин тѳрагасы Т Стамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айылдык кеңешинин тѳрагасы Т Стамбаевдин маалыматы эске алынсын.
1. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы ХХVII-чакырылышынын 38-сессиясынын № 1-токтому жокко чыгарылсын.
2. АРИС программасынын ПЖР-3 долбоору аркылуу ветеринардыксервистин имараты курулсун.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |