Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 7
Т Меңдибаевди жана Г Батыркулованы райондук сыйлыкка сунуштоо жѳнүндѳ
Ноокен районунун Ардактуу атуулуна жана райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына атуулдарды кѳрсѳтүү жѳнүндѳгү маселени угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:
1. Чек айылынын айыл башчысы Меңдибаев Тургуналы Тѳлѳгѳнович кѳп жылдык эмгеги жана айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Ноокен районунун Ардактуу атуулуна сунушталсын.
2. COVID-2019 илдетин алдын алууда айылыбыздын тургундарынын ѳмүрүн сактап, элдин ден-соолугуна кам кѳрүү менен ѳз ѳмүрүн тобокелге салып, ак ниети менен эмгектенгендиги үчүн № 13-ҮДТнын мед айымы Батыркулова Гүлмира Курбаналиевна райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктѳлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |