Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 8
Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондуна тѳмѳндѳгү үч долбоор сунушталсын:
1) Момбеков айылындагы жайкы базардын ордуна медициналык клиника куруу;
2) Бизнес долбоор;
3) Таштанды ташуучу техника 2 даана;
3. Жогоруда аталган долбоорлордун долбоордук-сметалык документтери бүткѳндѳн кийин сметалык баасына жараша ѳздүк салымы жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
4. Жогорудагы иштернин долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адистин убактылуу милдетин аткаруучу Н Осмоновго жүктѳлсүн.
5. Долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
6. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |