Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 9
Эки тараптуу келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жыл 19-декбарындагы № 715-токтомуна ылайык Ноокен райондук статистика бѳлүмү менен түзүлгѳн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳгү типтүү келишимди бекитүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн статист-экономист А Кадировдун маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн статист-экономисти А Кадировдун маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен райондук статистика бѳлүмү менен түзүлгѳн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳтү менен түзүлгѳн келишими бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |